Депутат Алмамбет Шыкмаматов Дастан Жумабековду спикерликтен алууга негиз жок деп эсептейт. Анын пикиринде шаардын аталышын туура эмес айтып алуу чынында одоно көрүнүш, бирок бул отставкага негиз болчу орчундуу себеп эмес.
“Биз баарыбыз идеалдуу эмеспиз, кимдир бирөө орусчаны туура эмес айтат, а кимдир бирөө кыргызча дурус сүйлөй албайт. Парламентте спикерди кырдаалдан пайдаланып кетирүүнү каалаган күчтөр бар. Бирок бул нерсени ишке ашыруу өтө кеч болуп калды – парламенттин бул чакырылышы ашып кетсе алты ай гана иштейт”, — деди Шыкмаматов.
Ошондой эле Шыкмаматов Жумабековдун модератор катары өз милдетин аткарып жатканын, кыжыңдашып, каршылашуудан алыс экенин, эң негизгиси саясий жана башка жаңжалдарга аралашпаганын белгиледи.