Суббота, 23 ноября

Албек Ибраимовдон алынган мүлктөр – тизме

0

Ленин райондук соту тарабынан мурдагы мэр Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылды. Чечим кечээ, 23-декабрда чыкты. КР Кылмыш жаза кодексинин алты беренеси боюнча айыпталган Ибраимовго карата соттун чечиминде үй-мүлкүн конфискациялоо да бар. Мурдагы мэрдин жубайы Айнуру Ибраимовага катталган бир катар мүлктөр мамлекеттин эсебине өткөрүлгөнү белгилүү болду. Алар:
-Арашан айылындагы 147 жер тилкеси;
-2014-жылы чыгарылган Toyota Rav-4 үлгүсүндөгү автоунаа;
-Арашан айылындагы “Мурас” дыйкан чарбасы;
-Арашан айылындагы беш дача жана “Ала-Тоо” СТ;
-Бишкек ш.Ч. Айтматов проспектиси, 299/4 үйү – дарегиндеги “Уздар Трейд” ЖЧКсы;
-Жалпы номиналдуу наркы 29 млн.960 миң сом болгон “Евразия сактык банкы” ААКсынын уставдык капиталындагы 9,98677% үлүшү (Назира Ащырахуновага катталган);
— Жалпы номиналдуу наркы 29 млн.960 миң сом болгон “Евразия сактык банкы” ААКсынын уставдык капиталындагы 9,98677% үлүшү (Кубанычбек Карагуловго катталган);
Мүлктөр мамлекеттин пайдасына өткөрүлдү. Ошондой эле Албек Ибраимовдун “БТА Банк” ЖАКтагы 22 996 сому жана жубайы Айнуру Ибраимованын ушул эле банктагы 13 299 сому да конфискацияланды. Андан тышкары “Күнөстүү жээк” пансионатынын 100 пайыз акциясы КР өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу Фондуна өткөрүлдү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз