Суббота, 23 ноября

КМШдагы балатылар жарышы. Бишкектин “чүрөгү” канчанчы орунда?

0

Бишкекте жайгашкан өлкөнүн башкы балатысы КМШ өлкөлөрүнүн башкы балатыларынын топ-10уна кирди. ТурСтат туристтик порталы КМШ өлкөлөрүнүн борбор калааларында жайгашкан мыкты он балатыны аныктаган.

Тизмеде Бишкектеги балатынын алдында Ашхабаддагы 40 метрлик, Еревандагы 37 метрлик, Ташкенттеги 36 метрлик, Бакудагы 34 метрлик, Душанбедеги 29 метрлик, Москвадагы 27 метрлик балаты турат. Ал эми артында Нур-Султандагы 25 метрлик жана Кишиневдеги 20 метрлик балаты бар. Кыргызстандын башкы балатысынын узундугу 27 метр.

Рейтинг балатылардын узундугу боюнча түзүлгөн. Ал эми Москванын Кремль аянтындагы орнотулган 27 метрлик балаты КМШ өлкөлөрүндөгү жападан жалгыз чыныгы арчадан жасалган балаты экенин белгилей кетели.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз