Суббота, 23 ноября

Башар Асаддын аскери Идлибдеги дагы 11 айылды алды

0

Башар Асаддын аскери Россиянын аба-космикалык күчүнүн жана ирандык жалдануучулар отрядынын жардамы менен 23-декабрда Идлибдеги түштүк-чыгыш деэскалация аймагындагы дагы 11 айылды өзүнө каратты.

Асаддын тарапташтарынын көзөмөлүнө Мудейрис, Абу Шержи, Крати, Крестене, Хюлюббе, Тух, Муайсуруне, Техтаайа, Абу Мекки, Сукея жана Сырман айылдары өттү.

Асаддын аскерлери тарабынан 20-декабрдан бери алынган калктуу конуштардын жалпы саны 26га жетти. Буга дейре алар Ум Жалал, Ум Тювейне, Кыт, Хакари, Мынтар, Сыдал, Ас-Сырж, Саййади, Таль-Шейх, Фурже, Брейса, Рабиа, Урейбе, Шара жана Абу Хаббе айылдарын алышкан болчу.

Сириядагы согуш 2011-жылдын март айында каршылык иретиндеги тынчтык демонстрациясы куралдуу кагылышууга айланганда башталган. БУУнун качкындар маселеси боюнча Жогорку комиссар Башкарлагынын маалыматына караганда Сириядан кагылышуу орун алган жылдар аралыгында 6,6 миллион жаран чыгып кетүүгө аргасыз болушкан, 5,6 миллиону – качкындар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз