PR-технология жаатынын адиси Азим Азимов Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин уулунан өнбөй келаткан карызды Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анда жазылгандарга таянсак Самат Ибраевдин уулу Данияр Ибраев автордун досунан ири суммадагы акчаны карызга алган. Ошол бойдон дайынсыз, акча да, өзү да жок.
“Саматбек Ибраев Кулукеевич аттуу саясатчы бар. Учурда Кыргызстандын парламентинин аппарат жетекчиси. Буга дейре КСДП партиясынан парламентке депутат болгон. Ийгиликтүү бизнес жүргүзүп, өлкөдөгү ири металлобаза “Строймирди” курган.
Бул компанияны бир канча убакыт мырза Ибраевдин уулу Данияр жетектеген. Компаниянын брендине жана атасынын атына жамынып менин досумдун ишенимине кирип ири суммадагы акчаны карызга алган. Чогулткан акчасынын баарын. Тил каты бар.
Эми жарым жылдан ашык убакыттан бери карызды кайтарбай жатат. Байланышка чыкпайт. Жакында “Строймир” көптөгөн адамдарга жана компанияларга миллиондогон доллар карыз экенин уктум. Бирок досума тийиштүүсүнөн башка суммалар мени кызыктырбайт. Ал болсо карызкорунун кебине ишенгенден чарчады.
Саматбек Ибраев дагы байланышка чыкпай жатат, билдирүүлөргө жооп кайтарбайт, жумушунда байланыштырышпайт.
Мени эмне таң калтырат: мырза Ибраевдин даражасы эл көзүндө эмеспи, ушинтип сүйлөшүүдөн качып жүрө береби? Анан да тааныштарынын айтымына караганда ал кишинин репутациясы да жакшы экен, сөзүнө да турат экен. Же балким мындай жагдайда андай эмес.
Ибраевдер үчүн бул сумма – күнүмдүк чыгаша. А досум үчүн бир нече жыл бою топтогон болгон байлыгы. Даниярдын убадасына досум үмүт артпай калды. Атасына жеткире албай жатат. Балким Саматбек Кулукеевич үн чыгарып калаар”, — деп жазды Азимов.