Пятница, 20 сентября

Абактан кат. Равшан Жээнбековдун билдирүүсү

0

9-февралга чейин абакка камалган экс-депутат Равшан Жээнбеков билдирүү таратты. Анда 2019-жыл өлкө үчүн бир топ оор жыл болгонун, бийлик элдин үмүтүн актабаганын белгилеген.

Жээнбековдун көз карашында экономикадагы катачылыктарынан, жакырчылык коркунучунан жана ал боюнча стратегиянын жоктугунан элди алаксытуу үчүн бийлик репрессияларга, жарандардын эркиндиктери менен укуктарын куугунтуктоого жүз бурган.

Ал коомдук активдүүлүгүн жаңыдан баштап келаткан жаңы муунга каата саясий репрессиялар коркунучу тууралуу ой жооруган. Ал белгилегендей репрессиялар жаңы муундун өзүнө болгон ишенимин суутат жана билимдүү, келечектүү жаштарды саясий процесстерден алыстатат.

“Бийлик адилеттүүлүктүн жана натыйжалуу мамлекеттик башкаруунун жоктугун пропаганданын жардамы менен жаап-жашырууга, бардык көйгөйлөрдү “гейлер менен тыңчыларга” жармаштырууга аракет жасоодо. Биз тышкы саясаттагы бүлүнүүгө, бардык жакынкы жана алыскы коңшулар менен мамиленин начарлашына күбө болуп жатабыз”, — деген ал буга мисал катары Тажикстан менен чек арадагы атышуулард жана эл аралык ири донорлор менен мамиленин бузулуусун келтирген.

Ошондой эле экс-депутат келечекке “төлгө” ачып 2020-жыл Кыргызстан үчүн ири кризистин жылы болоорун жарыялаган. Айтымында бийлик адатына салып парламенттик шайлоодо олигархтардан жана жалган демократиялык ураан көтөргөн партияларды алып келүүгө аракеттенет.

Соңунда 2020-жыл тилектештиктин, жаш муундун саясатка келүүсүнүн, демократиялык идеялардын айланасында биригүүнүн жылы болооруна ишеним да арткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз