Суббота, 11 мая

Иран генералынын өлүмү АКШ менен Ирандын согушуна алып келеби?

0

Иран генералы Касем Сулаймани Американын аба соккусунан улам курман болду. Пентагон иран генералы АКШ президенти Дональд Трамптын жеке буйругу менен жок кылынганын жарыялады. Учурда саясатчылар жана эксперттер Сулайманинин өлүмү Жакынкы Чыгыштагы кандай өзгөрүүлөрдү жаратаарына ой жоорушууда. Баарынын көңүл борборунда турган суроо: бул толук масштабдуу согушка алып келбейби?

АКШ менен Иран эбактан бери бул же тигил агрессивдүү кадамдардын пайда кылчу кесепетин тыкыр иликтеген каршылашуу акыбалында келатат. Эми генералдын өлүмү менен каршылашуу күчөгөн маалда ар бир жаңылыштык аскер аракеттерине жеткирбейт деген кепилдик да жок.
Касем Сулаймани ким болгон?

Генерал Жакынкы Чыгышка ирандык таасирдин жайылышына маанилүү роль ойногон. Мындай таасир жайылтууну АКШ, Сауд Арабиясы жана Израиль да каалаган. Анын жыйынтыгында булар Иранга башкы каршылаш болуп беришкен.


Сулейманини Ирандын аскердик башатында турган башкы стратег катары эсептешкен. Ал Иранда, Сирияда, Ливанда, Иракта жана Йеменде бирдей таасирге ээ болгон.
Ал шииттик мамлекеттердин аймактык биримдигин түзүүгө багытталган Иран саясатынын маанилүү күчү эле. Сунниттер жетекчилик кызматтарды аркалаган өлкөлөр аны башкы душман катары карашкан.

Генерал сириялык согушта күчтү Башар Асаддын пайдасына оодара алган жана аны менен Ирандын Иракка болгон таасирин катуулаткан. Аны Ирактагы жүздөгөн америкалык аскерлердин өлүмүнө айыпташкан.

Батышта Сулеймани жамандыктын жарчысындай эсептелген. АКШ аны башка ирандык расмий жүздөр менен бирге террористтердин тизмесине кошкон, 2011-жылы Сауд Арабиянын Вашингтондогу элчисин өлтүрүү аракетине айыптаган. Ал аскер тыңчылыгындагы эң бир натыйжалуу кызматкер катары таанылган жана Ирандын жогорку лидери Али Хаменеинин оң колуна айланган. Ал жетектеген “Аль-Кудс” америкалык бийлик тарабынан өткөн жылы террористтик уюмдардын катарына киргизилген.


Иранда аны даңазалашчу, жек көрүшчү дагы. 2017-жылы өлкөдө генералды президенттикке талапкер болууга чакырган кыймыл пайда болгон. Бирок көпчүлүк ал шайлоодон жеңип чыкса келечектин жаркын болооруна күмөн арткан. Анткени Сулеймани катаал саясаттын жана режимдин тарапташтарынын сый-урматына ээ болгону менен карапайым калктын жек көрүүсүнө гана татыган. Бир даары аны Ислам мамлекети террористтик уюмунун согушкерлери менен ийгиликтүү күрөшүүсү үчүн жактаса, айрымдар Сириядагы адамдардын өлүмүнө түздөн түз күнөөлүү деп билишкен.

Генералдын өлүмүнүн кесепети
Эксперттер Иранда генералдын өлүмү ислам режими өмүр сүргөн чакта унутулбай турганын айтышууда. Алар белгилешкендей иран бийлиги АКШнын бул кылыгын кызыл чийинден өттү деп кабылдайт. Генералдын өлүмү – АКШ менен Ирандын ортосундагы ар кандай дипломатиялык байланыштар жана сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн деген үмүттү далай жылдарга өлтүрүп таштады.

Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи АКШны генералдын өлүмү үчүн алынуучу өчкө даяр болууга чакырып, өлкөгө үч күндүк аза күтүү жарыялады. Эсперт Амир Азими Сулеймани Ирандагы таасирдүү фигура болгонун белгилеп, ал өз өлүмүнөн кийинки аракеттер планын да түзүп коюушу мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт.

“Бирок Иранга азыр чечкиндүү аракеттерди, айрыкча аскердик аракеттерди жасоо оңой болбойт. Бул окуянын дагы бир көпчүлүккө анча белгилүү боло бербеген жагы бар. Ирандагы көптөгөн жарандар ислам республикасынын режиминен чарчашты. 2019-жылдагы каршылык акцияларында иран шаарларынын көчөлөрүнө демонстранттар өкмөткө каршы ураан кыйкырып, бийликти Ирак менен Сирияга каршылашуудан акча жасоого айыпташты. Бирок америкалык авиасокку консерваттардын колунда ойнойт.

Көптөгөн ирандыктар АКШнын бул чабуулун өлкөсүн шылдыңдоо катары кабыл алат. Жакынкы күндөрү өкмөт өлтүрүлгөн генералдын жаркын элесине массалык демонстрацияларды уюштурат. Бул реформа өткөрүүгө чакырык таштаган иран оппозициясынын акыбалын начарлатат. Мындай кырдаалдан улам алар жакын арада талаптарын көтөрүп чыга алышпайт”, — дейт Азими.

АКШ менен Иран: даярдыктан аракетке
АКШ менен Ирандын ортосундагы каршылашуу маңызында жар салынбаган согуш болуп эсептелинет. Касем Сулейманинин өлүмү америкалыктарды эң бир коркунучтуу жана натыйжалуу душманынан кутултту. Эми кырдаал өтө коркунучтуу болуп калды жана жар салынбаган согуш каалаган убакта реалдуу куралдуу каршылашууга айланышы мүмкүн.

Жума күнү Вашингтон Жакынкы Чыгышка кошумча 3,5 миң аскер жибергенин билдирди, аны Иран тараптан жооп иретиндеги аракеттер болуп кетиши ыктымалдыгы менен түшүндүрдү. АКШнын аскеринин бөлүктөрү күчөтүлгөн согуштук даярдыкта турат.

Иран режими изоляция, экономикалык санкциялар жана жакында болгон массалык демонстрациялар менен алсызданып калган. Кыязы Трамптын администрациясы Тегеран ачуусун бүркөт, жооп чараларын пайдаланаарын айтып коркутат бирок андан ашык олуттуу стратегиялык коркунуч жаратпайт деген көз карашта турат. Бирок АКШнын мындай көз карашын баары эле бөлүшө бербейт.

Американын мурдагы вице-президенти Джо Байден Трампка кетирген катачылыгын натыйжалуу аракети менен оңдоого муктаждык жаралаарын белгиледи:

“Президент Трамп калдыраган челекке динамит таштап жиберди. Эми ага америкалыктарга алдыда эмнелерди жасай турганын айтып берүүгө туура келет, биздин аскерлерди жана элчиликтердин кызматкерлерин, жарандарыбызды жана биздин кызыкчылыкты үйдө жана чет өлкөлөрдө кантип коргоого алаарын түшүндүрүүсү кажет”.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз