Пятница, 20 сентября

Коронавирустун жайылышана умрага баргандар күнөөлүүбү же Муфтиятпы?

0

Кыргызстанда коронавирустун жайылышы тууралуу көп маалыматтар айтылып жатат. Бирөө муфтиятты күнөөлөсө, экинчиси өкмөттү күнөөлөп жатат. Үчүнчүлөрү болсо туристтик компанияларды жазага тартуу керек дейт. Бул тууралуу Максат Чакиев фейсбук баракчасына жазып чыкты.

УМРАГА ЖӨНӨТКӨН ТУРИСТТИК КОМПАНИЯЛАР ЖӨНҮНДӨ.

Таажы вирустун ызы-чуусунан кийин, көпчүлүк “Умрага жөнөткөн туристтик компанияларды жоопкерчиликке тартыш керек” деген чакырыктар менен чыга башташты.

Менин айтарым “ТУРИСТТИК КОМПАНИЯЛАРДА ЭЧ КАНДАЙ КҮНӨӨ ЖОК!”

Себеби:

  1. Алар БИЗНЕС компаниялар. Суроо-талап кайсы тарапта болсо, ошол тарапка кызмат көрсөтө беришет. Керек болсо Умрага, керек болсо Туркестанга, керек болсо Лондонго жөнөтө беришет. Бул кадимки эле туристтик кызмат. Ошол үчүн мыйзам менен уруксат берилген. Алар мыйзамды бузушкан жок!
  2. Эмне үчүн Өкмөт жана Муфтият тарабынан ал туркомпанияларга “Коронавирустун убагында Умрага жөнөтпөгүлө!” деген тыюу салуучу маалымат берилген жок? Эгер, Өкмөт тарабынан же Муфтияттан тыюу алдын-ала салынса, анда туристтик компанияларды жоопко тартса болот. Тыюуга карабай, элди кырсыкка салганы үчүн. Эгер эч кандай тыюу салынбаса, анда алардан эч-кандай мыйзам бузуу болгон жок.

Эгер биз, бизнести эле күнөөлөй берсек, ансыз деле эптелген экономикабызды талкалап алабыз.

Бул жерде териштириш керек, чындыгында күнөө кимде – туркомпаниялардабы же Муфтияттабы же Өкмөттөбү?

P.S.: Умра – бул “Кичи ажылык” деген туурабы же туура эмеспи? Ажылык менимче бирөө эле — Хадж. Ошондо гана АЖЫ болуп келесиң. Анан “Кичи ажы” (Умра), “Чоң ажы” (Хадж) дегени канчалык туура?

Бул суроо иретинде.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз