Воскресенье, 19 мая

Пентагондун бюджети 2020-жылы $750 млрд түзүшү мүмкүн

0

Пентагондун бюджети 2020-жылы $750 млрд түзүшү мүмкүн
АКШ президенти Дональд Трамп Конгресстен 2019-жылдын 1-октябрында баштала турган 2020-жылдагы аскердик чыгымдарга $750 млрд сурашы күтүлүүдө. Бул тууралуу 8-мартта Axios маалымат порталы Вашингтон администрациясындагы булакка таянып билдиргендигин Trend агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, Ак үй 11-мартта Конгресске сунуш кыла турган 2020-жылдагы өлкөнүн аскердик каржылык чыгымына $ 750 млрд. сурай тургандыгы боюнча маалыматты жарыялайт. Ал эми бул каражаттын $576 млрд.дын администрация Пентагондун базалык чыгымдарына, калган сумманын көп бөлүгүн – чет өлкөлөрдөгү операцияларга жумшоого уруксат сурайт. Мындан мурда мыйзамчылар 2019-жылдагы каржылык жыл үчүн $716 млрд. бөлүшкөн. Анын 629 млрд.дын Трамп базалык чыгымдарга, ал эми 71 млрд.ды – чет элдик операцияларга жумшоого уруксат сураган.
Шаршемби күнү Foreign Policy журналы билдиргендей, документте администрация ошондой эле мыйзам чыгаруучулардан ракетага каршы коргонуу боюнча агенттикке (ПРО) $ 9,4 сураган, өткөн жылы бул каражат $9,9 млрд долларды түзгөн. Ошол эле учурда үндөн тез учуучу аппараттарды изилдөөгө жана жасап чыгарууга көбүрөөк каражат бөлүүнү өтүнүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз