Воскресенье, 19 мая

Бир күн ичинде Кыргызстанда коронавирустан дагы 9 киши каза болду

0

Бир күн ичинде Кыргызстанда коронавирустан дагы 9 киши (пневмонияны эсепке алганда) каза болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйындыСаламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бишкек шаарында 5 киши, Ош облусунда – 2, Баткен облусунда 2 адам коронавирустан каза болгон.

Кыргызстанда коронавирустан жалпы 1 миң 447 киши каза болду.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 549 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 38 миң 659ду түзөт. Алардын ичинен 30 миң 99 киши айыгып чыкты, 1 миң 447 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз