Понедельник, 6 мая

Батукаевдин иши. Шаардык сотко Алмазбек Атамбаев алып келинди

0

Бүгүн, 6-августта Бишкек шаардык сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча мамлекеттик айыптоо доо тараптын апелляциясы боюнча соттук угууну баштады. Бул тууралуу мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Маалыматка ылайык, Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына алып келинген. Ал буга чейин соттук териштирүүлөргө катышуудан баш тартып келген.

Белгилей кетсек, 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча чечим чыгарган.

Анда «коррупция» беренеси боюнча айыпталып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылган. Ошондой эле ага карата үй-мүлкүн конфискацияга алуу, мамлекеттик бардык наамдарынан жана сыйлыктарынан ажыратуу боюнча чечим чыккан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз