Воскресенье, 28 апреля

www.tizme.gov.kg. Добуш бериш үчүн өзүңүздү текшериңиз

0

БШК жетекчисинин орун басары Абдыжапар Бекматов, шайлоого катышып добуш берүүнү каалаган жарандар www.tizme.gov.kg интернет порталы аркылуу өздөрү жөнүндө маалыматты текшерүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин маалымдады.

Буга кошумча, шайлоочулардын тизмеси шайлоо участокторуна да илинет. Шайлоочулар 119га ID номерин кыска SMS аркылуу жолдоп өздөрүнүн шайлоо участогу тууралуу маалымат ала алышат.

Эгер жарандар өздөрү тууралуу маалыматтарда кемчиликтерди тапса, анда № 1 формасын толтуруу аркылуу доуш бере алышат. Ал эми башка шаарда добуш берүүнү каалагандар № 2-форманы толтурушат.

Кыргызстанда 3 миллион 429 шайлоочу бар. Шайлоо өнөктүгү 4-сентябрда башталмакчы. 20 августка чейин саясий партиялар съездерин өткөрүп, депутаттыка талапкерлердин тизмесин түзүшү керек. Шайлоо 4-октябрь 2020-жылы өтмөкчү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз