Илимпоздор Казакстандын Түркистан шаарында дервиштердин байыркы жертөлөөсүн табышты. Текке деп аталган бул жай сопулар жашаган жана ибадаттарын аткарган жертөлөө болгон.
Казакстандык Маданиятты изилдөө институтунун маалыматына ылайык, жертөлөөнүн жанында сопулардын сөөгү коюлган күмбөз да табылган. Храмдын төштөк-чыгыш тарабында 7 күмбөз жайгашкан.
Жертөлөө 10 бөлмөдөн турган жана керпичтен курулган меш жана тандырлар менен ысытылган.
Храм 15-19 кылымдарда курулган деп болжолдонууда. Илимий изилдөө проектисинин жетекчиси Андрей Хазбулатов, жертөлөөнүн Ахмед Йесеви тарикатына тиешелүү экенин маалымдады.