“Facebook” социалдык медиа түйүнүндөгү Respublika тайпасы бай гүленчилердин “Ата Мекен” менен “Бир Болго” кошулуп алып тымызын иш алып барып жатканын, Түркияда төңкөрүш кылууга аракет кылган бул топтун кооптуу экенин жазып чыкты. Бул постту өзгөртпөстөн беребиз:
Парламенттик шайлоого катышууга ниеттенген 44 партиянын 9у оюн башталбай жатып эле катардан чыкты. Бирок, саясат таануучулар сентябрга чейин дагы иргелүүчү партиялардын арасында түзүмү түзүк, идеологиялык айкын багыты бар саясий бирикмелер жок экендигин айтышууда. Жогорку Кеңешке шайлоолор төртүнчү ирет партиялык тизме боюнча өткөрүлүп жаткандыгына карабастан, быйылкы саясий өнөктүккө кошулган партиялардын турпаты бизнес-клубдарга көбүрөөк окшош. Ошондуктан, Limon.KG сайты жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгына караганда, жаштардын 83,9%ы парламенттик шайлоого аттанган партиялар арасында татыктуулар жок деп эсептешет. Ал эми “Жалпы иш” коомдук фондунун изилдөөлөрү боюнча шайлоочулардын 82,3%ы бүгүнкүгө чейин кайсыл партияга добуш беришээрин аныкташа элек.
Шайлоого катышууга ниеттенген партиялар 20-августка чейин курултайларын өткөрүп, тизмеге киргизилүүчү талапкерлерин аныкташы керек. Ошондуктан, алардын бир тобу далбастап 19-августта жыйындарын уюштуруп, айрымдарынын тизмелери ачык боло баштады.
“Ба-а, баягы жүздөр!” дегендей алтынчы чакырылыштын дээрлик бардык депутаттарын жана саясатта эбак жыдыган эски ысымдарды “Ата Мекен”, “Республика”, “Бир Бол”, “Бүтүн Кыргызстан” жана башка партиялардын тизме сабынан көрүүгө болот.
Мисалы, “Республика” партиясы коронавирусту тизгиндөөгө акылы жетпей кызматынан алынган Алтынай Өмүрбекованы кайрадан катарына кошкону таңкалтырат. Негизи, ишин ийгере албагандыгы үчүн бийликтен алыстатылган. Алтынай айым аз айып, көп күнөөсүн сезип, парламентке барам дебеш керек эле. Деген менен “Республикада” алтынчы чакырылыштын “азаматтары” дүңү менен эле жетинчиге желпинип калышкандыгын көрүүгө болот.
Ал эми айрымдарынын катарында өмүр таржымалы шек жараткан талапкерлер бар. “Ата Мекен”, Бир Бол” сыяктуу партиялардын курамына гүлөнчүлор толуп алгандай. Маселен, Абдывахап Нурбаев, Жанар Акаев, Руслан Акматбек сыяктуу жана башка акчалуу бай гүлөнчүлөрдү атасак болот. Эгер булар бийликке келип калышса, кыргыздын келечегин элестетүү кыйын.
“Гүленчилер” демекчи, 2016-жылы Түркияда мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет жасаган дин ишмери Фетхуллах Гүлен орто жана жогорку окуу жайлар тармагын ачуу менен бүт дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда да 1992-жылдан бери өз ишмердигин жайылткандыгы белгилүү. Гүлендин Кыргызстанда ачкан билим берүү мекемелеринде ЦРУнун агенттери иштеп келгендиги айтылат. Аларды болсо, соңку чейрек кылым аралыгында 10 миңден ашык кыргызстандык улан-кыздар бүтурүп чыгышкандыгы белгилүү. Гүлөнгө таандык делген билим берүү тарматары Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы дипломатиялык мамлилелерге да залакасын тийгизгендиги белгилүү. Ал эми Түркия бийлиги террорист катары тааныган Фетхуллах Гулөн кыйла жылдардан бери АКШда баш калкалап келет.
Эми башкы темабызга кайтсалы. Эксперттердин пикиринде, шайлоого аттанган партиялар партиялык курулуштун классикалык үлгүсү талап кылгандай коомчулукка өз идеологияларын түшүндүрө албай жатышат. Курулай демагогия жана тарпы чыккан популизм алардын баарысына мүнөздүү. Бул жагдай партиялардын кедери качып, артына кеткенин далилдеп турат. Анткени, алардын басымдуусун шайлоого карата оро-пара уйкудан ойгонгонгондор десек да болот. Буга чейин деле Жогорку Кеңеште бири-бири менен идеологиялык багыттары боюнча атаандаш болгон, өз электоратынын кызыкчылыгын жантыгынан жата калып коргогон партияларды эч ким көргөн эмес. Ошондуктан, аларга ишеним жок. Шайлоочулар турсун, ошол партиялардын мүчөлөрү өз партиясынын максатын билишпейт.
Ооба, курултайларга катышкан “болочок эл өкүлдөрүнүн” баарысы каадалуудай сезилет. Бирок, дээрлигинин көрөңгөсү курук экендиги анык, кокус мандат алып калышса, беш жыл маңкалары агып, элди гана маза кылары шексиз.
Ошондуктан, биз партияга башы бириккендердин добуштарды сатып алып болсо да жеңишке жетүү менен эч кандай саясий идеологиясыз жана программасыз эле Жогорку Кеңеште үстөмдүгүн орнотуп, мамлекетке өз каалоосун, айрыкча кызмат бөлүштүрүү боюнча өз талабын таңуулап келишкендигине күбө болуудабыз. Натыйжада, көп айып өзүлөрүндө болсо дагы, калктын парламентке карата көзү түз эмес эмес. Партиялар белгилүү бир топтордун кызыкчылыгы үчүн гана түзүлүп, өз чамасын байкап айласы куругандары башкалары менен биригип жатышат деп аналитиктердин айткандары да эң туура. Жаңыдан көз жарган партияларды мындай кой, эскилери өз тизмелерине олигархтарды, спортчуларды, сулуу айымдарды жана криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүн кошууну салтка айлантышууда. Мындай учурда акчалуу гүленчилерден да эч ким жийиркенбейт.