Четверг, 19 сентября

КЭДР АКШ менен сүйлөшүүдөн баш тартышы мүмкүн

0

Пхеньян Түндүк Корея жана АКШнын лидерлеринин Ханойдогу акыркы жолугушуусунун жыйынтыгы тууралуу келишимдин жоктугунан улам көңүлү калууда.
КЭДРдин лидери Ким Чен Ын АКШ менен сүйлөшүүлөрдү улантуу маселесин кайра кароодо. Бул тууралуу Түндүк Кореянын тышкы иштер министринин орун басары Цой Сон Хи Пхеньянда дипломаттар жана чет элдик журналисттер менен жолугушууда айтты. «Түндүк Кореянын бийлиги жакында АКШ менен ракеталарды атуу жана сыноо боюнча сүйлөшүүлөрдүн улантылышы же токтотулушу тууралуу чечим кабыл алат», — деди Цой Сон Хи. Анын айтуусунда, Пхеньян Түндүк Корея жана АКШнын лидерлеринин Ханойдо акыркы жолугушууларынын жыйынтыгы боюнча келишимдин жоктугунан улам көңүлү калууда. «Эгер Вашингтон КЭДР сунуштаган талаптарга ылайык чечим кабыл албаса, анда Пхеньян сүйлөшүүлөрдү улантууну каалабайт», — деди Цой Сон Хи. Дипломаттын айтуусунда, КЭДР менен АКШнын лидерлеринин ортосундагы жеке мамилелер азыр деле жакшы. Министрдин орун басары Ким Чен Ын бул маселе боюнча өзүнүн позициясын жакынкы мезгилде билдирерин кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз