Понедельник, 13 мая

Мырзакматов: Элим, мен буйрук бергенде чогуласыңар

0

7-октябрга караган түнү Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов Ош шаарына келди. Ал башкы аянтта аны тосуп алган миңдеген тарапкерине кайрылып, сөз сүйлөдү. Мырзакматов: “ Кыргызстан азыр өтө опурталдуу кырдаалда турат, өлкөнү бөлүп-жарып, жарандык урушту баштоого кызыкдар күчтөргө каршы туруп, улуттук биримдикти сактап калышыбыз керек” деди. Ошондой эле 4-октябрда болгон парламенттик шайлоо ыплас өткөнүнө басым жасап, кыргыз парламентине татыктуу гана адамдар шайланышы керектигин айтты. Ал өз убагында шаарга коно албай, үч жарым саат элди күттүрүп койгону үчүн кечирим сурады.

Ал Бишкектегилер менен дагы сүйлөшүп жатканын айтып, өлкөгө темирдей тартипти, мамлекетке мыйзамдуулукту орнотууга жардамдаша турганын билдирди. Ал эми кечээ кызматын тапшырган экс-мэр Таалайбек Сарыбашов жана анын ордун ээлеп алган Дүйшөн Төрөкулов менен да сүйлөшө турганын белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз