Пятница, 17 мая

Ала-Тоо аянтында Аксы окуясы эскерилди

0

Бүгүн, 17-мартта Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары, Президенттин Аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Гульбара Калиева, Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы Райымберди Дүйшөнбиев жана экс-президент Роза Отунбаева Аксы окуясында каза болгондорду эскерип, Ала-Тоо аянтындагы 2002-жылдагы Аксы окуясында жана 2010-жылдагы Апрель окуясында курман болгондорго арналып тургузулган монументке гүлчамбарларды коюшту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. Ошондой эле эскерүү иш-чарасына министрликтердин, мекемелердин жетекчилери жана коомдук-саясий ишмерлер катышып, курман болгондорго багышталып куран окулду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз