Суббота, 4 мая

Чүй облусунун жетекчиси алмашты

0

Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүндө жетекчи алмашты. Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы 15-октябрда кабарлагандай, премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу менен облус жетекчиси Алтынбек Намазалиев кызматтан алынды.

Анын ордуна Мирбек Мияров дайындалды. Өкмөт бул чечим өлкөнүн кадр потенциалын жаңылоо жана мамлекеттик жарандык кызматка жаңы, жаш адистерди тартуу максатында кабыл алганы айтылды.

36 жаштагы Мияров байланыш тармагында иштеген. Быйылкы парламенттик шайлоого «Ордо» партиясынын лидери катары катышкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз