Вторник, 14 мая

Аида Исмаилова  менен Улукбек Кочкоров кызматтан кетишти

0

Вице-премьер Аида Исмаилова менен эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Президенттик аппараттын маалыматына караганда, экөө тең кызматтан өз арыздарынын негизинде бошотулду.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида Исмаилова вице-премьер-министрлик кызматка быйыл апрель айында дайындалган. Ал эми Кочкоров министрлик кызматка 2018-жылдын 25-октябрында киришкен. Эки аткаминер тең жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого “Биримдик” партиясы менен катышкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз