Суббота, 21 сентября

Лукашенко нааразычылык акциясына катышкан студенттерди ЖОЖдан чыгарып салууга чакырды

0

Белорусиянын президенти Александр Лукашенко нааразычылык акциясына катышкан студенттерди жогорку окуу жайлардан (ЖОЖ) чыгарып салууга чакырды. Бул жөнүндө ал 27-октябрда өткөн Жалпыбелорус элдик чогулушка даярдык көрүү жыйынында жарыялады.

“Студенттер, окуганы келдиңерби? Окугула, ким окугусу келсе окусун. Ким мыйзамды бузуп уруксатсыз акцияларга чыккан болсо – ал студенттик укугунан четтетилет. Сураныч, мен айткандай алардын кээ бирлерин аскерге, калгандарын көчөгө жибергиле. Көчөдө жүрө беришсин, бирок ЖОЖдан чыгарылган болсун” – деди.

Лукашенко ушундай эле схеманы ЖОЖгы өзүн жаман алып жүргөн мугалимдер үчүн да сунуштады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз