Суббота, 18 мая

Израиль дагы беш араб өлкөсү менен келишим түзөт

0

Израиль бийлиги АКШдагы 3-ноябрда өтө турган президенттик шайлоодон кийин дагы беш араб өлкөсү менен карым-катнашын жакшыртуу боюнча келишимдерди түзүү аракеттерин күчөтөт. Бул тууралуу өлкөнүн чалгындоо министри Эли Коэн жергиликтүү Kanal 12 телеканалына билдирүү жасады.

“Араб өлкөлөрү менен мамилени жакшыртуу багытындагы демилгелер улантылып жатат. АКШгы шайлоодон кийин биз Сауд Арабия, Оман, Катар, Алжир жана Марокко өлкөлөрү менен келишимдерди түзүү үчүн сүйлөшүүлөрдү күчөтөбүз” – деди Коэн.

Эске сала кетсек, Израиль 15-сентябрда Ак үйдөгү салтанатта Бахрейн жана Бириккен Араб Эмираты менен мамилелерди жакшыртуу келишимине кол койгон.

23-октябрда АКШнын президенти Дональд Трамп Судан жана Израиль өлкөлөрү мамилелерин жакшыртууга макул экендиктерин жарыялаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз