Понедельник, 25 ноября

Түркияда сот 337 адамга өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин чыгарды

0

Түркияда 2016-жылдагы мамлекеттик төңкөрүш аракети боюнча 337 адамга соттун өкүмү чыкты. Анын ичинде ондогон мурдагы армия командирлери, учкучтар өмүр бою эркинен ажыратылды.

Бул адамдар өлкөдөгү конституциялык түзүлүштү кулатууга, президент Режеп Тайип Эрдоганды өлтүрүүгө аракет кылган деп айыпталганын соттук процесске катышкан маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Түрк өкмөтү 250 кишинин өмүрүн алган окуялар үчүн АКШда куугунтукта жүргөн динчил Фетхуллах Гүленди айыптап келет. Ал окуяга эч кандай тиешеси жок экенин билдирип жүрөт.

Төңкөрүш аракетинен кийин түрк бийлиги 90 миңден ашуун кызматкерди, журналисттерди, мугалимдерди Гүлендин жактоочулары деп камакка алган. Дагы он миңге жакыны иштен алынган. Учурда алар боюнча сот процесси уланууда.

Президент Режеп Тайип Эрдогандын атаандаштары ал мамлекеттик төңкөрүш аракети деген шылтоо менен каршылаштарынан кутулуп жатат деп сындап келишет.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз