Вторник, 21 мая

Кыргызстанда Азербайжан лидери Гейдар Алиевдин элесине арналган “Түрк дүйнөсүнүн улуу инсаны» аттуу жыйнагы жарык көрдү

0

Кыргызстанда Азербайжан лидери Гейдар Алиевдин элесине арналган “Түрк дүйнөсүнүн улуу инсаны» аттуу жыйнагы азербайжан жана орус тилинде жарык көрдү.

Жыйнак Кыргызстандагы түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо Фондунун колдоосу менен басылган.

“Гейдар Алиев Фондунун” вице-президенти Лейла Алиеванын Ысык-Көл боюнча ыры 9 тилге которулган жана жыйнакта жарыяланган.

Жыйнак Ягуб Махмудовдун “Биздин Мекенибиздин Ататүркү” аттуу макаласы менен башталат. Өзүнүн иликтөөсүндө окумуштуу-тарыхчы Гейдар Алиевдин элди жана Атамекенди  улуттук адеп-ахлактык бөлүнүүдөн жана кыйроодон сактап калгандыгын белгилеп кеткен. Алиев өзүнө чейинки жол башчылардын кабыл алган туура эмес чечимдерин аткарылышын токтоткон. Гейдар Алиевдин учурунда Казахстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркменистан менен болгон салттык-достук мамилелер калыбына келтирилген.

“Түрк дүйнөсүнүн улуу инсаны” жыйнагына Азербайжан Улуттук Илимдер Академиясынын тарых институтунун окуу бөлүмүнун директорунун орун басары Джаби Бахрамовдун, Карабах институтунун тарых бөлүмүнүн башчысы Гүнтекин Наджафлинин, “Өз убагында өнүгүү жана үй-бүлө” коомдук уюмунун төрагасы Зарифа Гулиеванын, “Ени Азербайжан” партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Гафар Алиевдин, Баку мамлекеттик университетинин профессорлорунун макалалары киргизилди. Мындан сырткары жыйнакка Кыргызстандын, Түркиянын жана башка өлкөлөрдүн окумуштууларынын макалалары да камтылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз