Пятница, 3 мая

Ага-ини Жээнбековдор Жогорку сотко чакырылды

0

Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков менен анын бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков Жогорку соттун жыйынына чакырылды. Маалыматты Жогорку соттон дагы тастыкташты.

Соттук коллегия 16-декабрь күнү Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Абдилат Капаровдун ишин караган. Капаров Ош шаардык сотунун чечими менен Сооронбай жана Асылбек Жээнбековдорго моралдык зыян келтиргени үчүн 250 миң сом компенсация төлөп бериши керек болуп, бирок аны аткарбай койгону үчүн төрт жылга кесилген (2017-жылдан бери камакта болчу). Ал шаардык соттун чечимин жокко чыгаруу максатында Жогорку сотко даттанган.

Жогорку соттон билдиришкендей, кечээки процесс учурунда Эркин Капаровдун адвокатынан Жээнбековдорду жыйынга чакыруу сунушу түшкөн. Сот аны канааттандыргандыктан жыйын 12-январга жылдырылды.

«Анткен менен тараптар жыйынга келбей калса, кассациялык арызды кароого тоскоолдук жаралбайт», — дешти Жогорку соттон.

Буга чейин ЖМКлар Капаров бир тууган Жээнбековдор 2010-жылдагы июнь окуяларында кырдаалды жөнгө салуу үчүн бөлүнгөн үч миллион долларды өздөрүнө ыйгарып алганын айтып чыкканын жазышкан.

Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдагы окуялардан кийин өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенген.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз