Четверг, 9 мая

Конгрессте митингчи аялдын өлтүрүлүшүнүн видеосу чыкты (Видео)

0

Кечээ Президент Дональд Трамптын тарапкерлери Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) борбору Вашингтондогу Конгресстин имаратына кирип баргандан кийин башталган окуяларда 4 киши каза таап, көптөгөн киши жаракат алышты жана кеминде 52 адам кармалды.

Эшикти ашып кирүүгө каракет кылган аял Конгресстин коопсуздук кызматы тарабынан атып өлтүрүлгөн. Ал учурдун видеосу митингчилердин телефонуна тартылып алынган.

Өлкөдө 15 күндүк өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Борбор калаада демонстрацияга чыккан Трамптын айрым тарапкерлери полиция тосмосун бузуп, Конгресстин имаратына киришти.

Имаратка кирген демонстранттарга полиция көздөн жаш агызуучу газ чачты.

Имараттагы кагылышуудан жаракат алган аял каза болду.

Вашингтондун полициясы Конгресстин имаратындагы окуялар учурунда жаракат алган аялды ал жаткан ооруканада куткарууга мүмкүн болбогонун билдирди.

Каза болгон аялдын өздүгү тууралуу маалымат жок.

Вашингтондун полиция башчысы Роберт Конти дагы 3 адам каза болгонун жарыялады.

Конти ошондой эле окуяларда 14 полиция жеңил жаракат алганын жана кеминде 52 адам кармалганын билдирди.

Коопсуздук күчтөрү ошондой эле Конгресстин имаратынын жанынан жардыргыч заттар табылып, зыянсыздандырылганын жарыялады.

Бул окуялардан кийин Жо Байдендин президент болуп шайлануусу бекитиле турган Конгресстин сессиясы токтотулуп, сессияны жетектеген вице-президент Майк Пенс имараттан чыгарылды.

Бир аз убакыттан кийин жасаган билдирүүсүндө Пенс «Конгресстин имаратындагы окуяларды токтотууга» чакырып, зордук-зомбулукка жол берилбейт деп билдирди.

Андан соң сенаторлор имараттан чыгарылды.

Трамптын орун басары Майк Пенстин жумушчу тобун жетектеген Марк Шорттун Ак үйгө кирүүсүнө тыюу салгандыгы жарыяланды.

Шайланган президент Жо Байден маалымат жыйынын өткөрүп, «АКШ демократиясына жана мыйзамдын үстөмдүгүнө» каршы чабуулдарды токтотууга чакырды.

Бул окуялардан кийин Трамп Улуттук Гвардияга «Конгресстин имаратындагы окуяларга кийлигишүүнү» тапшырды.

Нью-Йорктун губернатору Эндрю Куомо өзүнүн Твиттер-аккаунтунда, «Мен АКШнын Улуттук гвардиясынын суранычы менен Нью-Йорктон баш калаа Вашингтонго эки жумага 1000 улуттук гвардиячыны жөнөтүп жатам» деди.

Дональд Трамп социалдык тармактарда жасаган билдирүүсү менен демонстранттарды «тынчтыкты сактоого» чакырды.

Тирешүү күчөп кеткенден кийин, Дональд Трамп, «алар шайлоону бизден уурдап алышты, силер эми үйгө кетишиңер керек» деп кайрылды.

Ошентип, Жо Байден 2021-жылдын 20-январынан тарта АКШны төрт жыл башкара турган Президент болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз