Четверг, 9 мая

Мамытканов: Жетим-Тоону өзүбүз иштетебиз

0

Вице-премьер Максат Мамытканов Жетим-Тоо кенинин айланасындагы чуу боюнча атайын маалымат жыйынын уюштурду. Вице-премьер Жетим-Тоо кенине геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлө электигин айтты.

Мамытканов, алгач кыргызстандык ишкана түзүлөөрүн, андан соң ал ишканага чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берилээрин айтты.

«Чалгындоонун корутундусу чыккандан кийин Жетим-Тоодо канча тонна темир жана башка металлдар бар экенин айтсак болот. Биринчи кезекте чалгындоо жүргүзүп, реалдуу запастарын аныкташыбыз керек. Аны үчүн биз Кыргызстандын ачык акционердик компаниясын түзүп, ага лицензия беребиз. Чалгындоо бүткөндөн кийин техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгыш керек. Аны казып ишке киргизгенге чейин дагы көп убакыт бар. Ошону түшүнбөй туруп эле кээ бир саясатчылар элди дүрбөлөңгө салып жатышат», — деди Мамытканов.

Вице-премьер Максат Мамытканов Жетим-Тоону коргойбуз деген уюмдар түзүлүп жатканын айтып, аларды иштешүүгө чакырды.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз