Понедельник, 20 мая

Бүгүн мүмкүнчүлүгү чектелген 21 миңден ашуун жаран добуш берет

0

Бүгүн шайлоо участогуна келүүгө мүмкүнчүлүгү жок жарандар үчүн добуш берүү башталды.

БШКнын берген маалыматына ылайык, бул категорияга кирген кыргызстандыктардын саны 21 360ты түзөт.

Эрежеге ылайык, саламаттыгы начар жана майыптыгы бар жарандар, ооруканада жаткан бейтаптар, абакта отургандар, бийик тоолуу аймакта мал кармап убактылуу жашап жаткандар БШКга арыз менен кайрылат. Андан соң атайын кызматкерлер шайлоодон бир күн мурун алардын жайгашкан жерине барып добуш бердиртет.

Мындан сырткары, калктуу конуштан алыс жакта кызмат өтөп жүргөн аскерлер, добуш берүү күнү иштей турган ички иштер органдарынын кызматкерлери да бар.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз