Бүгүн, 9-январга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 147 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 70, Чүй облусунан – 3, Ош облусунан – 5, Ысык-Көл облусунан – 21, Жалал-Абад облусунан – 1, Нарын облусунан – 4, Баткен облусунан – 5 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 82 138 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 204 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 77 751ге жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 69, Ош шаарынан – 6, Чүй облусунан – 49, Ош облусунан – 11, Талас облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 45, Жалал-Абад облусунан – 15, Баткен облусунан – 4, Нарын облусунан – 4.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан 2 бейтап: Бишкек шаарынан – 1, Талас облусунан – 1 каза болду. Алардын жалпы саны 1367ге жетти.