Суббота, 27 апреля

Түркия Кыргызстанды шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады

0

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды 10-январда өткөн президенттик шайлоонун тынч жана ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

«Кыргызстанда 2021-жылдын 10-январында өткөн кезексиз президенттик шайлоо жана референдум тынчтык жана коопсуз кырдаалда жыйынтыкталганына биз кубанычтабыз.

Президенттик шайлоонун жана референдумдун жыйынтыгы дос жана боордош Кыргызстан үчүн байсалдуу болушун каалайбыз.

Түркия Кыргызстандагы демократиялык процесстин коомчулуктун кызыкчылыгына негизделип коюлуучу кадамдарын колдойт», — деп жазылат билдирүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз