Воскресенье, 19 мая

Паракорлукка шектелип президенттик аппараттын маалымат кызматынын башчысы кармалды

0

Ири өлчөмдө пара талап кылган деп шектелип президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов  кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

«Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, материалдык жактан баюу үчүн мамлекеттик кызматтын жетекчилигине талапкерлердин биринен маселесин оң жагына чечип берүү үчүн ири суммадагы каражат талап кылган” – деп айтылат билдирүүдө.

Факт Жазык кодексинин 326 – беренеси (“Пара талап кылуу”) боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө башталды. Анаркулов бүгүн, 30-январь күнү, колго түшүрүлүп, УКМКнын Тергөө башкармалыгына алып келинди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз