Вторник, 14 мая

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри Түркияда иш сапарында болду

0

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркияга болгон иш сапарында,  Түркиянын Саламаттык сактоо министринин орун басары Халил Элдемир жана Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасынын орун басары (ТУУЖ) Желал Адан менен жолугушту.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев түрк тарабына коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө буга чейин көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди жана коронавирус пандемиясы учурунда Кыргыз Республикасындагы татаал кырдаалды эске алып, гуманитардык жардам көрсөтүүсүн өтүндү.

Саламаттык сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун бир катар маселелерин талкуулаган министр Бейшеналиев Бишкектеги Кыргыз-Түрк Достугу ооруканасын толук кандуу ишке киргизүү максатында Түркия парламенти тарабынан аталган оорукана боюнча Келишимди тез арада ратификациялоо зарылдыгын белгиледи.Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасынын орун басары Желал Адан аталган Келишимдин тез арада ратификацияланышын колдой тургандыгына ишендирди.

Жолугушууда жардам катарыТүркиянын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанга 5000 ПЦР-тестин өткөрүп берди.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз