Вторник, 14 мая

Кытай Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина берет

0

Кытай Эл Республикасынын өкмөтү Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина алып берет. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Мындай билдирүүсүн Кытайдын КРдеги элчиси Ду Дэвэнь өлкөнүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушуу учурунда жасады.

Чет өлкөлүк дипломат эки өлкөнүн ортосундагы өзгөчө мамилени эске алуу менен кыргыз тарапка биринчилерден болуп вакцина алып берүү чечими кабыл алынганын белгиледи. Препаратты жеткирүү боюнча техникалык маселелер тараптар ортосунда жакынкы арада чечилмекчи.

Казакбаев көрсөтүлүп жаткан жардам үчүн ыраазычылык билдирип, мындай кадам эки өлкөнүн ар тараптуу кызматташуусунун далили экенин айткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз