Вторник, 14 мая

Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын президенттик аппаратынын Коммуникация бөлүм башчысы менен жолугушту

0

Кыргызстандын Түркиядагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев 3-февралдаТүркия Республикасынын Президентинин Аппаратынын Коммуникация бөлүмүнүн башчысы проф. Фахреттин Алтун менен жолугушту.

Тараптар эки тараптуу кызматташууну чыңдоо, 2021-жылы жогорку деңгээлдеги расмий иш сапарларды жана Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Стратегиялык Кызматташтык боюнча Жогорку Кеңештин 5-отурумун өткөрүү зарылдыгын белгилешти.

Ошондой эле түрк тарабынан Камкорчулар кеңешинин төрагасы проф. Фахреттин Алтун болгон Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ишмердүүлүгү жөнүндө маселени талкуулашты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз