Четверг, 2 мая

Түрк Кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреев Түркияга көңүл айтты

0

Түрк Кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреев Битлисте тик учар кырсыгында шейит болгон аскерлердин каза болушунан терең кайгылангандарын белгилеп Туркияга көңүл айтты. Амреев: «Түрк Кеңеши жана өз атымдан бул кырсыкта каза болгон аскерлер үчүн Аллахтан ырайым тилеп, үй  — бүлөлөрү менен боордош түрк калкына көңүл айтам жана жаралуулардын бат айыгышын каалаймын»,- деди.

Мындан сырткары Азербайжандын президенти Илхам Алиев, НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг, Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили, Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб менен Британиянын Анкарадагы элчиси Доминик Хилтон, Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев да тик учар кырсыгында шейит болгон аскерлер үчүн президент Эрдоганга көңүл айткандыгын билдирди

Борбор шаар Анкарадагы чет элдик өкүлдөрдүн башчылары да соцтармактан берген билдирүүлөрүндө түрк калкынын кайгысын бөлүшкөндөрүн билдиришти.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз