Пятница, 22 ноября

Мусулман аялдар муфтиятта аялдар бөлүмүн ачууну талап кылышууда

0

Кыргызстан мусулмандар аялдар коому КМДБнан жана аалымдар кеңешинен орун талап кылышууда.

«Eurasia Today» маалымат порталыныны кабарчылар тобу билдиргендей, бүгүнкү күндө Кыргызстандын мусулман аялдар жамааты өлкөнүн Мусулмандар Диний Башкармалыгында жана Аалымдар кеңешинде аялдар бөлүмүн  ачуу маселесин кызуу талкуулашууда.
Албетте, бул талкууда маселени колдогондор көп болгону менен кескин каршы чыккандар да жок эмес.

Ал эми КМДБда аялдардын бөлүмү канчалык зарыл? -деген маселеге көптөгөн аялдар өз ой-пикирлерин билдиришти.
Дегеле коомубузда кыз-келиндердин, үй-бүлөлүү аялдардын көйгөйлүү маселелери жок эмес. Мисалы, калктын аярлуу жамааты айрым учурларда укук жагынан басмырланып келсе, зордук-зомбулуктарга кабылгандары да аз эмес. Бул көйгөй кээде ачыкка чыгарылганы менен чечилбестен, уланып келе жатат. Ал эми өкмөт бул маселелерди канчалык мыйзамдуу түрдө аркалоодо, ошондой эле руханий жактан коомубуздун үлгүсү болгон КМДБ аялдардын көйгөйлөрүнө канчалык көңүл бурууда? Бүгүнкү күндө ушуга окшош көрүнүштөрдөн мусулман аялдар жамааты атайын “аялдар” маселесине көңул буруучу адис өкүлдөрдүн КМДБ жана Аалымдар кеңешинде болуусун талап кылууда.
Белгилей кетсек, буга чейин Рахматулла Эгембердиевдин муфтий болуп турган учурунда муфтиятта “аялдар” бөлүмү болгон болсо, экс-муфтий Максат ажы Токтомушев кызматка келгенде аны кандайдыр бир себептер менен жаап салганы айтылат.

Бул ортодо: “Муфтияттан аялдарга орун талашып эмне кереги бар? Аялдар маселесин өздөрүнчө чече беришпейби? Ошол эле ПООЖ “Мутакаллим”, “Ак жоолук ажары”, ж.б.у.о аялдар уюмдары муну эмнеге өздөрүнчө чечишпейт, сөсүз эле муфтиятка асылыш керекпи?,- деген суроолор да пайда болууда.

“Албетте, чечсе болот, бирок бул уюмдардын бюджет деген куржуну чексиз эмес, бул жерде муфтият мусулман аялдардын маселесине да бюджет бөлүшүүсү керек”,- деген талап коюлууда.

Натыйжада бул талкуу азырынча өз тыянагына жете элек жана аны колдогондор өздөрүнүн ой-пикирлерин ачыкка чыгарышса, кандайдыр бир себептерден улам каршы тургандар да өз пикирлерин жигердүү түрдө жайылтышууда.

Талаптарды колдогондор муфтиятта жана “Аалымдар кеңешинде”  аялдар маселесин караган, кеңеш берген, атүгүл жардам берген “аялдар бөлүмү” ачылуусу зарыл деп эсептесе, каршы болгондор: “аял башкарбайт, аял үйдө отуруусу керек, көйгөйлөрү болсо күйөөсүнө, бир туугандарына айтып чечтирсин, аял башкарууга келген жерде береке болбойт”,- деп бир канча хадистер менен Куран аяттарына таянып, маселени башка нукка бурушууда.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз