Пятница, 22 ноября

COVID-19: Кыргызстанда 4443 киши эмдөөдөн өттү

0

Кыргызстанда акыркы 24 саатта коронавируска каршы 4 миң 443 эмдөө алды, анын ичинен 1 миң 685и экинчи доза алгандар. Республика боюнча 41 миң 854 адам эмдөөдөн өтсө, анын ичинен 5 миң 317 адам экинчи доза алган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган.

Ал эми 22-апрелде Россиядан “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы алынып келген.

Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз