Понедельник, 20 мая

Шуша шаары расмий түрдө Азербайжандын маданий борбору болду

0

Армениянын оккупациясынан бошотулган Шуша шаары расмий түрдө Азербайжандын маданий борбору болду.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Шуша шаарынын өлкөнүн маданий борбору деп жарыяланышын көздөгөн жарлыкка кол койду.

Жарлыкта: «Шушадагы коомдук башкаруунун жана мыйзамдык көзөмөлдүн дагы да өркүндөтүлүшү, шаардагы тарыхый жана маданий мурастарды калыбына келтирүүгө жана сактоого гана кызмат кылбастан, шаардын тынымсыз өнүгүүсүнө шарт түзөт» — деп айтылат.

Азербайжан жетекчилигинин жарлыктын негизинде Шуша шаарынын тарыхый силуэтин жандандырууну жана Шушаны кылымдар бою Азербайжандын бай маданиятынын, архитектурасынын жана шаар куруунун жаркыраган бермети катары даңазалоону максат кылгандыгы баса белгиленди.

Азербайжан армиясы Шушаны 8-ноябрда армян аскерлеринен бошоткон болчу.

Президент Алиев январь айындагы билдирүүсүндө, Шушаны маданий борбор деп жарыялай тургандыгын маалымдаган эле.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз