Пятница, 20 сентября

Эртең Түркияда жергиликтүү бийлик органдарынын башчылары шайланат

0

Түркияда 57 млн.дон ашык шайлоочулар бар.

Эртең, 31-мартта Түркияда өлкө тарыхында 19-ирет жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына шайлоолор өтөт.

Бул Түркиядагы өлкө президенттик башкаруу формасына өткөндөн кийинки биринчи шайлоо.

Жакынкы 4-5 жылда башка шайлоолор болбойт.

Шайлоого 12 саясый партиялардын талапкерлери, анын ичинде президент Режеп Тайип Эрдоган жетектеген Адилеттик жана өнүгүү (АЖӨ) партиясы, ошондой эле көзкарандысыз талапкерлер катышат.

2018-жылдын биринчи жарымында Түркиянын алдыңкы саясый партиялары эки ири саясый блокко: “Элдик союз” (Cumhur İttifakı) жана “Улуттук союз” (Millet İttifakı) биригишкен.

“Элдик союз” 2018-жылы 20-февралда башкаруучу АЖӨ жана алдыңкы оппозициялык саясый түзүм – Улуттук аракет партиясы (УАП) тарабынан түзүлгөн. Бул биригүү эки партияга 2018-жылдын 24-июнундагы парламенттик жана президенттик шайлоолордо ишенимдүү жеңишти камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түздү.

Бул блокко атаандаш катары алдыңкы оппозициялык Республикалык элдик партия (СНР) жана İYİ Parti 2018-жылы 3-майда “Улуттук союзду” түзүшкөн. Ушул эле блокту көп өтпөй «Saadet» партиясы колдогон.

Призиденттик “Элдик союзда” “Улуттук союзду” ошондой эле террорчулар менен байланышы бар экендигине шектелген Элдердин демократиялык партиясы (HDP) да колдойт деп айтышууда.

Эртеңки шайлоодо негизги күрөш ушул эки саясый блоктун ортосунда жүрө тургандыгы күтүлүүдө.

Шайлоонун алдында “Элдик союздан” көрсөтүлгөн партиялар Түркиянын 81 провинциясынын 51де муниципалитеттеринде, анын ичинде 30 ири шаарларда өздөрүнүн талапкерлерин сунуштаган.

Ошол эле учурда 27 түркиялык ири шаарларда башкаруучу партия талапкерлерди жалпы тизмеден тышкары да колдойт.

Президент Эрдоган акыркы эки ай боюу Түркиянын ондогон провинцияларында шайлоо алдында уюштурулган митингдерде сүйлөдү. Түрк лидери күн сайын эки-үч провинцияларда сүйлөп, жарандарды шайлоодо “Элдик союздун” талапкерлерин колдоого чакырган.

Түркиянын президенти   48 күндө өлкөнүн 57 провинцияларында митингдерди өткөрдү.

АЖӨ негизги басымды Түркиянын үч ири шаарлары: Стамбул, Анкара жана Измирдеги муниципиалитеттерге көзөмөл жасоого жумшайт.

Эрдогандын партиясынан Стамбул муниципалитетине талапкерликке экс-премьер-министр, парламенттин экс-спикери Бинали Йылдырым көрсөтүлгөн. АЖӨ Анкарада башкаруучу партиянын төрагасынын орун басары Мехмет Озхасектин талапкерлигин, Измирде –  мурдагы экономика министри экономики Нихат Зейбекчини колдойт.

Сурамжылоолор Стамбул жана Анкара сыяктуу ири шаарлардагы талапкерлердин рейтинги туура чыгарын далилдөөдө.

Түркиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Сади Гювен 31-мартта муниципиалдык шайлоого 57 миллион 78 миң шайлоочулар катыша ала тургандыгын билдирди. Түркияда жалпысынан 194715 шайлоо участкалары ачылат.

Түркиянын тарыхында алгачкы муниципиалдык шайлоолор 1930-жылы болгон.

Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына шайлоолор беш жылда бир ирет өткөрүлөт. Акыркы ирет муниципиалдык шайлоо 2014-жылы 30-мартта болгон.

Vatandaşlar, 31 Mart’ta yerel yöneticilerini seçmek için gideceği sandık başında oylarını 6 adımda kullanacak. ( Aylin Sırıklı — Anadolu Ajansı )

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз