Пятница, 17 мая

Акжол Махмудовдун аукционго койгон трикосу сатылды

0

Акжол Махмудовдун Токио Олимпиада оюндарында кийген спорттук кийими аукциондо чоң суммага сатылды. Бул тууралуу спортчу өзүнүн Instagram баракчасында жазган.

Аукцион 25-августта, Ысык-Көлдө өткөн Gamma бизнес-форумунун алкагында ишке ашты. Спорттук костюмдун баштапкы баасы 50 доллар деп белгиленген. Трико 6,5 миң долларга сатылды. Анткен менен форумдун катышуучулары Махмудовго кайрымдуулукка жумшоосу үчүн дагы каражат топтоорун айтышты.

«Менин Олимпиада оюндарында кийген трикомду аукциондун катышуучусу 6500 долларга сатып алды. Башка катышуучулар дагы 19 миң доллар чогултушту. Ошентип жалпы баасы 26 миң доллар болду. Колдооңуздар үчүн рахмат”, — деди спортчу.

Маалыматка караганда, каражаттын 60 пайызы кичинекей Аруузаттын дарылануусуна коротулат. Калганын дагы Махмудов кайрымдуулукка жумшамакчы.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз