Жунушалиев Айбек Жанышбекович Бишкек шаарынын мэри болуп шайланды. Анын талапкерлигин 45 депутаттын ичинен 43ү колдоп добуш берди.
Жунушалиевдин талапкерлигин Министрлер кабинети жана шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы көрсөткөн.
Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Жунушалиев президент Садыр Жапаров саясий иштерге, шайлоого административдик ресурсту колдонууга тыюу салып, эскертүү бергенин, бир дагы саясий партияда мүчө болбогонун жана андай ою жок экенин, Бишкекте бизнес кызыкчылыгы жоктугун айтты.
45 жаштагы Жунушалиев Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун буйругу менен 12-августта дайындалган. Ага чейин ал өкмөт башчынын орун басары, Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинде статс-катчы, Чүй облустук администрациясында түрдүү жетекчилик кызматтарда иштеген.