Пятница, 20 сентября

Трамптын администрациясы Сауд Аравия менен атомдук энергетика чөйрөсүндөгү жашыруун документти бекитти

0

Энергетика министри Сауд Аравияга  атомдук энергетика технологияларын сатууга жол берген алты лицензияны бекитти.

АКШ администрациясы Сауд Аравияга атомдук энергетика технологияларын сатууга уруксат берген жана бул тармакта көмөк көрсөткөн жашыруун макулдашуу түздү.

Бул тууралуу Рейтер маалымат агенттиги билдирди. АКШнын энергетика министри Рик Перри америкалык компанияларга атомдук энергетика чөйрөсүндөгү технологияларды экспортоого уруксат берген алты жашыруун документти бекитти.

Part 810 деп аталган  Перри кол койгон лицензия америкалык компанияга атомдук энергетикада кандайдыр-бир келишим түзүлгөнгө чейин алдын ала иштерди жүргүзүүгө уруксат берет, бирок жабдыктарды объектилерге коюуга макулдук бербейт.

Рейтерге түшкөн документтин көчүрмөсүндө АКШнын Энергетика министрлигинин Ядролук коопсуздук боюнча улуттук башкармалыгы (NNSA) компаниялар Трамптын администрациясына лицензияны жашыруун кармоо өтүнүчү менен кайрылышкандыгы маалымдалат. «Мындай учурда лицензия алган ар бир компания бизге кат түрүндө бул тууралуу маалымат берилбестигин эскертиши зарыл», — деп айтылат NNSA документинде.

Трамптын администрациясы жашыруун түрдө экиден кем эмес АЭС курууну пландаштырган Сауд Аравиясына  атомдук энергетика тармагындагы америкалык технологияларды сатуу боюнча кеңири масштабдагы келишм түзүүгө аракет кылууда.

Сауд Аравияда АЭС куруу боюнча келишимге АКШ, Россия жана Түштүк Корея күрөшүүдө. Жеңүүчүнү Эр-Рияд быйылкы жылы жарыялайт.

NNSA  жана энергетика министрлиги эмне үчүн бул лицензиялар жашыруун экендиги боюнча түшүндүрмө бербей келет. Мурда мындай уруксат документтери коомчулук үчүн ачык болгон.

Белгилей кетүүчү жагдай, өткөн жылы Сауд Аравиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бен Салман эгер Иран ядролук курал жасаса, анда өз өлкөсү да мындай куралды жасап баштай тургандыгын билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз