Пятница, 17 мая

Кыргызстанда окуу жылы мындан кийин дайыма 15-сентябрда башталат

0

Кыргызстанда окуу жылы мындан кийин дайыма 15-сентябрда башталат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Билдирүүдө, министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон токтомдо атайын документтер бар. Анда 1-сентябрь деген сан 15-сентябрь менен алмаштырылган. Документ күчүнө кирген соң мындан кийинки жылдары да окуу жылы токтомдо көрсөтүлгөн убакытта башталат. Башкача айтканда, туруктуу болуп калары айтылат.

Токтомго ылайык, 2021-2022-окуу жылы 9-июнда аяктайт. Быйылкы окуу жылы өлкө боюнча бардык мектептерде кадимки тартипте башталары да айтылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз