Четверг, 2 мая

Ош шаарына мэр болуп Алмаз Мамбетов шайланды

0

Ош шаардык кеңешинде бүгүн 26-августта мэр шайлоо өттү. Жабык добуш берүүнүн жыйынтыгында жалгыз талапкер Алмаз Мамбетов мэр болуп шайланды. Жыйынга 45 депутаттын баары тең толук катышып, 43ү «макул», экөө «каршы» добушун берди.

45 жаштагы Мамбетов мэрдин милдетин аткаруучу болуп 2-августта Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун буйругу менен дайындалган. Ага чейин ал президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын жетекчиси болчу. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, Балыкчы шаарынын мэри болуп да иштеген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз