Пятница, 20 сентября

Казакстан газ кору боюнча дүйнөдө 22-орунда

0

Казакстан 2018-жылы  55,5 млрд. кубометр газ өндүргөн.

Өлкөдөгү көгүлтүр отундун изилденген жалпы кору 3,9 триллион кубометрге жетти Бул тууралуу Казакстандын энергетика министринин орун басары Магзум Мирзагалиев  Мажилистеги (парламенттин төмөнкү палатасы) өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга арналган тегерек столдо билдирди.

Анын айтуусунда, Казакстан газ кору боюнча дүйнөдө 22-орунду ээлейт жана анын 98%ы өлкөнүн батышында болуп саналат.

«Казакстанда газ өндүрүү 2018-жылдын жыйынтыгында 55,5 миллиард кубометрди түздү, бул 2017-жылдагы көрсөткүчтөн 5%га көп. Газ өндүрүүнүн негизги бөлүгүн ири кендер — «Карачаганак» (34%), «Тенгиз» (28%) жана «Кашаган» (14%)», — түзөт деди  Мирзагалиев.

Министрдин орун басарынын айтуусунда, Казакстан өткөн жылы 19,4 миллиард кубометр газ экспорттогон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз