Суббота, 1 июня

Туризм Түркиянын баардык  провинцияларында өнүгөт

0

Түркия өкмөтү туризм тармагынан түшчү кирешени эң жогорку чекке жеткирет.

Өлкө бийлиги  баардык аймактарда туризмди өнүктүрүүгө дилгир экендигин Түркиянын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой билдирди.

Анын айтуусунда, айрым гана туристтик райондорго басым жасай бербестен, түркиялык 81 провинциянын баардыгында аракет кылуу керек.

Министр белгилегендей, Түркия өкмөтү быйыл туризм тармагынан түшө турган кирешени эң жогорку чекке жеткирүүнү көздөөдө.

«Биз 50 миллион эмес, 70 миллион туристтин келишин күтүүдөбүз. Түркияда туристтик мезгил жыл боюу улантылыш керек», — деди Эрсой.

Ведомство башчысынын пикиринде, Түркияда туристтерден түшүүчү кирешени көбөйтүү үчүн алар отелде эле болуу менен чектелбестен, эс алуу зоналарынан сыртка да чыгышып, соода-сатык жасоосуна, аймактарды кыдыруусуна шарт түзүү керек.

Министр Түркия туризмди өнүктүрүү боюнча жаңы долбоорлорду иштеп чыккандыгын, ал жыл аягына чейин жарыяланарын билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз