Понедельник, 20 мая

Кыргызстандагы пакистандыктардын көпчүлүгү сентябрдын аягында чыгып кетүүсү айтылды

0

Сентябрдын соңунда Кыргызстанга келген пакистандыктардын көбү чыгып кетиши мүмкүн. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси Нурланбек Жалбиев билдирди.

Бүгүн, 7-сентябрда, Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитети «Манас» эл аралык аэропортунун иши боюнча маселени карады. Талкуу учурунда пакистандыктардын көбөйүп жатканы жөнүндө дагы кеп козголду.

«Июль айынын соңунда, августтун башында Пакистандын жарандары көп келе баштады. 1-сентябрдан тарта алар кайра кете башташты. Эгер статистиканы алып карай турган болсок, 1-5-сентябрда Кыргызстанга Пакистандын 532 жараны келип, 1 596сы чыгып кетти», — деди Жалбиев.

Чек ара көзөмөлдөө башкармалыгы Кыргызстанга кирүүнүн мыйзамдуулугун карап жатканын айткан Жалбиев пакистандыктардын туристтик визасы бар экенин кошумчалады.

«Биздин оюбузча, келген пакистандыктардын көбү чыгып кетет. Себеби алардын бир айлык мөөнөтү бүтүп баратат. Статистика алардын көбү кетип жатканын көрсөтүүдө», — деди ал.

Чек ара кызматынын өкүлү Пакистандын жарандары өлкөгө мыйзамдуу кирип жатканын жана аларды кармоого негиз жок экенин айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз