Кыргызстанда бүгүн коронавирус дагы 97 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 47, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 22, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 11, Жалал-Абад облусунда – 3, Баткен облусу – 4 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир суткада 161 адам илдеттен сакайып чыккан.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 4 бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 721 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 134 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 176 миң 779 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 170 миң 911 киши айыгып чыкса, 2 миң 561 адам каза болду.