Понедельник, 20 мая

Кыргызстан Бангладешти 4-1 эсеби менен жеңди

0

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Бангладешти 4:1 эсеби менен утуп, «Үч улуттун кубогу» жолдоштук мелдешинин жеңүүчүсү аталды.

Кыргызстанга тиешелүү голдорду Элдар Молдожунусов (10-мүнөт), Алимардон Шүкүров (39-мүнөт), Турсунали Рустамов (46-мүнөт) жана Бактияр Дүйшөбеков(90-мүнөт) киргизсе, Бангладешке таандык бир голдун автору Махбубур Рахман болду.

Бул футболдук беттешке өлкө башчы Садыр Жапаров да келди.

Стадионго 14 миңге чукул күйөрман келип, алар ата мекендик спортчуларга болуп көрбөгөндөй дем-күч беришти.

«Үч улуттун кубогу» эл аралык мелдеши 2-сентябрда башталган. Ага Бангладештин, Кыргызстандын жана Палестинанын футбол боюнча улуттук командалары катышты. Алгач Кыргызстан 2-сентябрда Палестина курамасы менен ойноп, 1:0 эсебинде жеңишке жеткен. 5-сентябрда Палестина менен Бангладеш курама командалары беттешип, Палестина 2:0 эсебинде утуп алган.

Кыргыз футбол бирлиги уюму билдиргендей, аталган мелдеш Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы үчүн 2023-жылы Кытайда белгиленген Азия кубогунун тандоо оюндарына даярдыктын алкагында өттү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз