Понедельник, 20 мая

Талибдер жаңы өкмөт курамын жарыялады

0

Ооганстанда бийликти басып алган «Талибан» кыймылы жаңы өкмөттүн курамын жарыялады.

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп «Талибан» кыймылын негиздегендердин бири Мохаммад Хасан Ахунд дайындалды. Ал 1996-2001-жылы тышкы иштер министри болгон. Талибдер режими учурунда Кандагардын губернатору болуп дагы иштеген. Анын орун басарлары болуп кыймылдын саясий кеңсесинде иштеген Мулла Абдул Гани Барадар менен Абдул Салам Ханафи көрсөтүлдү.

Чалгын министри болуп Гуантанамодогу америкалык түрмөдө 12 жыл отурган Абдул Хак Васик дайындалды. Ички иштер министри – «Хаккани түйүнү» тобунун негиздөөчүсүнүн уулу Сиражуддин Хаккани, коргоо министри – «Талибандын» түптөөчүсүнүн уулу Мухаммал Якуб Мужазид, мурдагы тышкы иштер министри Мохаммад Ханиф Атмар экономика министри болуп дайындалган.

Ал эми кыймылдын лидери 60 жаштагы Хайбатулла Ахунзада жаңы өкмөттүн курамына кирбей, мурдагы эле кызматын аркаламай болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз