Пятница, 22 ноября

Француз фирмасынын Ислам мамлекети террордук тобу менен болгон кызматташуусу ачыкка чыкты

0

Францияда курулуш материалдарын өндүрүүчү “Lafarge” аттуу француз фирмасынын Сириядагы ишмердүүлүгүндө Ислам мамлекети (ИМ) террордук тобу менен байланышын далилдеген документтер ачыка чыкты.

Франциялык бул фирма Ислам мамлекеттик тобу менен болгон байланышы тууралуу Франциянын чалгын кызматтарына тынымсыз кабар берип турган.

Башкача айтканда Lafarge фирмасынын бул террордук топ менен кызмататташуусунан француз бийлигинин кабары болгон.

Бул маалыматтын ачыкка чыгуусу француз бийлигинин жана чылгындоо кызматтарынын аброюна шек келтирет.

Франциянын Кассациялык соту жогорудагы маалыматтардын чын экендигин жана франциялык фирманын ИМ менен болгон мамилесин, бул мамиле тууралуу франциялык чалгын кызматтарынын маалыматынын болгонун тастыктады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз